• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан дагы 4 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 4 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 1 киши, Ош облусунда - 1, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 491 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 304 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 373тү түзөт. Алардын ичинен 33 миң 622 киши айыгып чыкты, 1 миң 491 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий