• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан дагы 6 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 6 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 1 киши, Баткен облусунда - 1, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда 1 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 484 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 304 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 40 миң 759ду түзөт. Алардын ичинен 33 миң 27 киши айыгып чыкты, 1 миң 484 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий