• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы 7 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) дагы 7 киши каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 3 киши, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Талас облусунда 1 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1427 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 412 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 37541ди түзөт. Алардын ичинен 28 743 киши айыгып чыкты, 1427 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий