• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 адам айыкты. Жалпы 735

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 9 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 5, Ош облусунан - 2, Нарын облусунан - 1, Ош шаарынан -1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 38 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1082 учуру катталды. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий