• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы алты адам көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде алты бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы илдеттен каза болгондордун саны 173 адамга жетти.

Акыркы сутка ичинде: кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – бир, Аксы аймактык ооруканасынан - бир, Жайыл аймактык ооруканасынан - бир, Лейлек аймактык ооруканасынан - бир, Токтогул аймактык ооруканасынан - бир жана Ош облустук ооруканасынан - бир бейтап кайтыш болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус жуктурган 603 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 13 миң 101ди түзөт. Алардын ичинен 6096 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий