• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1984-жылкы жаран 11-июнда Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусуна тажыяга катышам деп барган.

"Анын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. 12-июндан баштап жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Күндөн-күнгө саламаттыгы начарлап, кечээ күнү каза болуп калды. Иликтеп чыкканда ал жаранда Бишкекте жүргөндө эле оорунун белгилери бар болгон. Медкызматкерлерге кайрылбай, өз алдынча дарыланып келген. Жалал-Абадга келгенде абалы начарлап кеткен. Эки тараптуу пневмониясы күчөп кеткен. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, бирок ага карабай жүрөгү токтоп калган", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2562 учур катталды. Илдеттен 1901 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий