• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгон бейтап 85 жашта болгон.

“85 жаштагы аял киши биздин Улуттук фтизиатрия борборуна дарылоого келип түшкөн. Пневмония менен келип, өтө оор абалда болгон. Кийин ал жерде лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, ал бейтаптан коронавирус табылган. Сиздер билгендей Кыргыз-түрк достугу ооруканасында коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алуу жүрүп жатат. Ал бейтап аталган ооруканага которулган. Дарылоого карабастан ал кайтыш болуп калды”, - деди ал.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын арасында бир бейтап башка дарттан каза болгон.

“Ал ак кандуулук менен ооруп жаткан. Дарыланып жаткан учурда коронавирус жуктуруп алган. Бирок кийин өзүнүн оорусуна байланыштуу абалы оорлошуп, каза болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген жолдомолоруна ылайык, адамдын каза болушуна коронавирустун түздөн-түз тиешеси болсо өзүнчө эсепке жана коронавирус жуктуруп алган адам башка дарттан кайтыш болсо ал өзүнчө эсепке алынат. Каза болгон адамдардын жакындарына жана туугандарына Саламаттык сактоо министрлиги терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус жуктурган 100 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2472ни түзөт. Алардын ичинен 1847 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 28 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий