• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун өлүмүнүн себеби кайра каралып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун өлүмүнүн себеби кайра каралып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 1 миң 490 киши каза болгон. Ал 3,5%ды түзөт.

Ал билдиргендей, коронавирус жуктуруп каза болгондордун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

"Комиссиянын ишинин жыйынтыгы көрсөткөндөй коронавирус жуктуруп каза болгондордун 29%ынын өлүмүнүн себеби коронавирус жана пневмония эмес, башка оорулар болуп чыкты. Жалпы 3,5% деп айта турган болсок, так себептерин аныктагандан кийин 2,4% деп айтууга болот. 1 миң 53 адам коронавирус жана пневмониядан каза болгон", - деди ал.

Ал билдиргендей, Улуу Британия менен Испанияда каза болгондордун өлүмүнүн себеби кайра каралып чыккан.

"Улуу Британияда жаңы ыкма боюнча эсептегенде каза болгондордун саны 5 миң 359га, Испанияда 2 миңге азайды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий