• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 37ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 37ге жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бир күн ичинде өлкөдө дагы эки киши коронавирустан каза болгон.

“51 жаштагы бейтап Темир жол ооруканасына кайрылган. Анын оорусу оор түрдө өткөн. Ооруканага келгенде ал оор абалда болуп, эки тараптуу пневмония, 3-даражадагы дем алуунун жетишсиздиги бар болгон. Ал 10 күн өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди ичкен. Абалы начарлап кектенден кийин, Темир жол ооруканасына кайрылып, бейтапканага жаткырылган. Кимдер менен байланышта болгонун айта алган жок. Башка аймактарга да барбаптыр, массалык иш-чараларга да катышпаптыр. Дарылоо иштерине карабай ал бейтап каза болуп калды”, -деди ал.

Каза болгон экинчи бейтап 46 жаштагы аял киши болгон.

“Ал ооруканага оор абалда келип түшкөн. Ал кургак учук менен ооруп, жашаган жери боюнча Ысык-Атадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кант диабети бар деп каттоодо турган экен. Бейтаптан ПЧР анализ алынып, анын жыйынтыгы оору бар экенин көрсөткөн. Ал ооруканага оор абалда келип түшүп, шашылыш жардам көрсөтүлгөн. Бирок көрүлгөн аракеттерге карабай, дарылоо жардам жыйынтык бербей ал бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон бейтаптардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу көңүл айтат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус жуктурган 170 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3151ди түзөт. Алардын ичинен 2011 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 37 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий