• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1813 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 22 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Чүй облусунан 1, Нарын облусунан 13, Ош облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1813 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 87 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 2372 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий