• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2 миң 857 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2 миң 857 адам дарыланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, 2 миң 857 адамдын ичинен 1 миң 491и үй шартында, 1 миң 366сы стационарларда дарыланууда.

"Өлкө аймагында 2 миң 317 орундуктун 45%ы гана колдонулууда", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 245 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 342ни түзөт. Алардын ичинен 43 миң 957 киши айыгып чыкты, 1 миң 73 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий