• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2021 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 10 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 3, Чүй облусунан 1, Нарын облусунан 2, Ош облусунан 1 бейтап, Талас облусунан 3, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2021 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 205 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 3356га жетти. Коронавирус жуктурган 40 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий