• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2082 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 28 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Чүй облусунан 5, Нарын облусунан 2, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 1, Баткен облусунан 3, Талас облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 6 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2082 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 207 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 3726га жетти. Коронавирус жуктурган 42 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий