• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2242 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 30 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 15, Чүй облусунан 2, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 1, Жалал-Абад облусунан 6, Нарын облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2242 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 235 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 4748ге жетти. Коронавирус жуктурган 47 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий