• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 2802 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 88 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 31, Чүй облусунан 8, Ош облусунан 14, Ош шаарынан 30, Нарын облусунан 4, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2802 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан кошумчалашкандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 283 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 7377ге жетти. Коронавирус жуктурган 88 адам (+10 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий