• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3053 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 70 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 25, Чүй облусунан 15, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 7, Баткен облусунан 10, Жалал-Абад облусунан 4, Нарын облусунан 5, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3053 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 361 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 8847ге жетти. Коронавирус жуктурган 116 адам (+4 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий