• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3134 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 81 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 23, Чүй облусунан 11, Ош облусунан 4, Ош шаарынан 20, Баткен облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 9, Нарын облусунан 2, Ысык-Көл облусунан 9, Талас облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3134 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 511 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 9358ге жетти. Коронавирус жуктурган 122 адам (+6 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий