• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3236 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 102 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 40, Чүй облусунан 12, Ош облусунан 11, Ош шаарынан 11, Баткен облусунан 11, Жалал-Абад облусунан 9, Нарын облусунан 5, Ысык-Көл облусунан 1, Талас облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3236 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 552 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 9910го жетти. Коронавирус жуктурган 125 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий