• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3460 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 55, Ош шаарынан 5, Баткен облусунан 4, Нарын облусунан 9 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 488 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 11 миң 117ге жетти. Коронавирус жуктурган 147 адам (+15 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий