• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 4995 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 109 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 48, Чүй облусунан 23, Ош шаарынан 2, Ош облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 8, Баткен облусунан 5, Нарын облусунан 14, Ысык-Көл облусунан 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты. Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 4995 кишини түздү ", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 421 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 11 миң 538ге жетти. Коронавирус жуктурган 149 адам (+2 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий