• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 5 миң 632 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 75 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 23, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 4, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 3, Баткен облусунан 20, Нарын облусунан 3, Талас облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1 миң 897 киши айыкты. Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 5 миң 632 кишини түздү ", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 521 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 12 миң 498ге жетти. Коронавирус жуктурган 167 адам (+7 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий