• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 6 миң 96 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 86 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 13, Чүй облусунан 25, Ош шаарынан 10, Ош облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 21, Баткен облусунан 8, Нарын облусунан 2, Талас облусунан 1, Ысык-Көл облусунан 5 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3821 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 378, жалпысынан 2 миң 275 киши айыкты. Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 6 миң 96 кишини түздү ", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 603 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 13 миң 101ге жетти. Коронавирус жуктурган 173 адам (+6 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий