• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 745 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 10 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 6, Ош облусунан - 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 745 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 29 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1111 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий