• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирусту аныктай турган 27 миң 951 анализ жасалган

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту аныктай турган 27 миң 951 анализ жасалган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 29 миң 777.

"Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 27 миң 951ди түзөт. Ал эми сутка ичинде 985 изилдөө жүргүзүлгөн", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 466 адамга жетти. Алардын ичинен 104ү медицина кызматкери. Коронавирустан 91 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий