• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирусту дагы 12 дарыгер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирусту дагы 12 дарыгер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 12 учурдун эң көбү Бишкек шаарында катталган.

"Сутка ичинде өлкөдө коронавирусту жуктурган 12 учурдун сегизи Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда жана үчөө Ош шаарында катталган. Мындан улам Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин жалпы саны 51ге жетти", - дейт ал.

11-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 89;
  • Ош облусунда – 98;
  • Чүй облусунда – 15;
  • Баткен облусунда – 4;
  • Ош ш. – 36;
  • Бишкек ш. – 42;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.

Пикир

Оставить комментарий