• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту дагы 12 дарыгер жуктуруп алгандыгы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 63гө жетти.

"Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий