• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды. Жалпы 107

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 107 кишиге жетти.

"Катталган 13 жаңы учурдун ичинен - Бишкек шаарында -1, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 2, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 1 адам бар", - дейт ал.

Мамбетов кошумчалагандай, коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам бар.

Кыргызстандын аймагында катталган 107 учурдун ичинен (алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан) Жалал-Абадда - 50, Ош облусунда - 38, Бишкек шаарында - 8, Чүй облусунда - 4, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 2 адам бар.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий