• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алды. Жалпы 111

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 111 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 4 учурдун ичинен Жалал-Абад шаарында – 1, Сузак районунда – 1, Кара-Көл шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 адам бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек", - деп кошумчалады ал.

Мамбетов билдиргендей, жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бирөө Россиядан келген.

"Үч адам ал менен байланышта болуп, вирусту жуктуруп алышкан", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий