• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетти Бишкек шаарында 3, Жалал-Абадда 1 жана Нарында 1 медкызматкер жуктурду.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 180 учур катталды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ге жетти. Алардын ичинен 180и медицина кызматкери. Илдеттен 370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий