• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту эң көп орто курактагы жарандар жуктурган - статистика

COVID - 19 0


Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту эң көп орто курактагы 253 жаран жуктурган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти.

"Илдетти 15 жашка чейинки 94 бала жуктурган, анын ичинен 1 жашка чейинки 4 ымыркай бар. COVID-19 16 жаштан 19 жашка чейин 20 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 204 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 253 жаран жана 55 жаштан жогору 158 жаранда катталган", - дейт ал.

Акматова кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң адам жатат. Ал эми стационарда 284 жаран бар.

Пикир

Оставить комментарий