• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирусту экинчи жолу жуктурган учур катталган жок — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан айыккан адамдардын арасынан илдетти экинчи жолу жуктуруп алгандар жок. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, мындай учурлар абдан аз катталат. “Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, коронавирус менен ооруган адамдарда ага иммунитет пайда болот. Ооруган адам кадимки жашоосуна кайтып келе алат”, - деди Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктурган 41 жаңы учур катталып, ооругандардын жалпы саны 339 адамга жетет. Алардын ичинен 44 киши коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми беш адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий