• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту орто курактагы 261 жаран жуктурду - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту орто курактагы 261 жаран жуктурду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 2-майга карата өлкөдө 769 жаран коронавирус жуктурду. "Илдетти жуктурган 15 жашка чейинки балдардын саны 104, алардын ичинен 1 жашка чейинки 5 ымыркай бар. Ошондой эле 16 жаштан 19 жашка чейинки 22 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 221 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 261 жаран жана 55 жаштан жогору 161 адам илдетке кабылган", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 769га жетти. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкери. Илдеттен 527 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий