• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирусту орто курактагы 270 жаран жуктурду - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту орто курактагы 270 жаран жуктурду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 3-майга карата илдетти жалпы 795 жаран жуктурду.

"Илдетти 15 жашка чейинки 107 бала жуктурган. Анын ичинен 1 жашка чейин 6 ымыркай бар. Ал эми 16 жаштан 19 жашка чейин 24 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 230 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 270 жана 55 жаштан жогору 164 жаран коронавируска кабылган", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ке жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий