• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту орто курактагы жарандар көбүрөөк жуктурган - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту 665 жаран жуктуруп алды. Алардын 345и айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын маалыматында, COVID-19 жуктургандардын ичинен 360ы аял, 305и эркек.

Илдетти 15 жашка чейинки 77 бала, 16 жаштан 19 жашка чейинки 19 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 182 жаран, 35 жаштан 55 жашка чейин 241 жаран, 55 жаштан жогору 146 жаран жуктурган.

Республика боюнча 312 бейтап стационарларда дарыланууда. Алардын ичинен 13 жарандын абалы оор деп бааланууда жана алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Белгилей кетсек, 25-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ке жетти. Алардын ичинен 175и медицина кызматкери. Илдеттен 345 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий