• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту так аныктай турган ПЧР-тесттин саны 9 миңден ашык - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту так аныктай турган ПЧР-тесттин саны 9 миңден ашык. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ПЧР-тесттин тартыштыгы байкалган.

"Бүгүнкү күндө биздин лабороторияларда 1 миңге жакын ПЧР-тестин чыгарууга шарт түзүлдү. Ал эми экспресс-тесттер буга чейин 76 миң болсо, учарда 54 миңдин тегерегинде экспресс-тесттин запасы бар", - дейт Боронов.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 270ге жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий