• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0


Бишкек, 06.03.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

"Өлкөдө коронавирус катталбаса да алдын алуу иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Коронавирустун алдын алуу иштерине мамлекет тарабынан 30 млн сом бөлүнгөн", - дейт ал.

Исаков белгилегендей, бүгүнкү күндө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий