• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар менен 6 миң 537 адам байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандыгы тастыкталган бейтаптар менен 6 миң 537 адам байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, жакын байланышта болгондордун саны 1 миң 178 (1-категория), ал эми башка байланыштардын саны 5 миң 359ду (2-категория) түзөт.

"Байланышкан жактардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий