• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп-айыккан адамдарды аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлөт – Нурматов

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп-айыкканын аныктоо боюнча эл арасында изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, оорунун жуктуруп алганын билбей эл арасында жүргөн адамдар болушу мүмкүн.

"Себеби вирус деген өтө кичинекей зат болот. Ооруну жугузган адам аны байкабай калышы мүмкүн. Мисалы, илдетти жуктурган, белгиси байкалбаган адам лифтке түшүп, анын ичинде чүчкүрүп, жөтөлсө, андан кийин лифтке түшкөн киши ошол жердеги аба аркылуу ооруну жуктуруп алышы ыктымал. Ал адам барып үйүндөгүлөрүн жугузушу мүмкүн. Бирок анда оорунун белгилери болбошу мүмкүн. Белгилери болбогондон кийин алар медициналык мекемелерге кайрылбайт. Кайрылбагандан кийин биз алардын арасында эпидемиологиялык изилдөө жүргүзбөйбүз. Муну туура түшүнүү керек", - деди ал.

Ошол эле учурда ал, эл арасында коронавирус жуктурганын билбеген адамдардын саны канча болушу мүмкүн деген суроо жаралышы ыктымал экенин айтып өттү.

"Муну грипп, сасык тумоонун мисалында карасак. Грипп, сасык тумоо оорулары менен ооруп калган адамдардын баары эле дарыгерлерге кайрыла бербейт. Бул боюнча изилдөө жасалып, анын жыйынтыгында ооруган адамдардын 4,1%ы гана медицина кызматкерлерине кайрылары аныкталган. Мисалы, былтыр грипп, сасык тумоо орулары менен 190 миң киши ооруган. Быйылкы жылдын алгачкы үй айын карасак, грипп, сасык тумоо оорулары менен ооруган 93 миң 303 киши катталган. Бул былтыркы жылга караганда 30 миңге ашыкча болуп жатат. Алардын арасында коронавирус менен ооругандар жок болду деп так айта албайбыз. Себеби, экөөнүн тең белгилери бирдей болуп жатат. Канча адам коронавирус жуктуруп алганын аныктоо маселеси да жаралат. Бул боюнча изилдөө жүргүзүү пландалууда. Иликтөөнү жүргүзгөндө негизинен SARS-CoV-2 вирусуна (COVID-19 оорусун коргогон вирус) каршы антителалары бар же жок экендиги аныкталат. Аны жүргүзүү үчүн сапаттуу, текшерүүдөн өткөн тест-системалар болуш керек. Учурда ал тест-системалар бизге жөнөтүлдү", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ти түзөт. Алардын ичинен 564 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий