• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 140ка жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде коронавирусту медицина кызматкерлери арасында жуктуруп алган 6 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, коронавируска чалдыккан медиктердин саны 140ка жетти.

"Жаңы катталгандардын ичинде Жалал-Абадда 3, Ош, Нарын жана Бишкекте бирден учур катталган", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Алардын ичинен 140кы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий