• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды, - деп маалымдайт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалымакта ылайык, министрлик Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусология лабораториясы тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Референс-лабораториясында РФнын Россия керектөөчүлөрдү көзөмөлдөө кызматынын “Вектор” мамлекеттик вирусология жана эпидемиология илимий борбору" менен биргеликте Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун башка түрлөрүн аныктоо боюнча тереңдетилген филогенетикалык изилдөө жүргүзүлгөнүн билдирет.

Аталган изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары бар экени аныкталды.

Ушуга байланыштуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бет кап тагуу, социалдык аралыкты сактоону, антисептик колдонууну, симптомдор аныкталган шартта дарыгерге кайрылууну, өз алдынча дарыланбоо менен алдын алуу чараларын так сактоону сунуштайт.


 

Пикир

Оставить комментарий