• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда калк арасында коронавирустун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана аймактардагы ден соолукту чындоо кабинеттеринин кызматкерлери менен биргеликте вирустук инфекциялар, анын ичинде коронавирустун алдын алуу чаралары боюнча калк арасында маалымат берип, түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Мындай иш-чаралар мектеп, бала бакча, орто жана жогорку окуу жайларында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында жана башка мекемелерде жүргүзүлүүдө.

Учурда коронавирустун алдын алуу боюнча маалымат берүү иштери аймактарда гана эмес, министрликтерде дагы өткөрүлүүдө. Бул өнөктүктүн алкагында 4-февраль күнү Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Экономика министрлигинин кызматкерлерине семинар өткөргөн. Анда коронавирустан тышкары сасык тумоо жана физикалык активдүүлүк, туура тамактануу боюнча маалымат берилген.

"Өлкө боюнча Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, медицина кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окутуучулары коронавирустун алдын алуу чаралары боюнча окутуудан өтүштү", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий