• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустун кайрадан жуккан учурлары катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун кайрадан жуккан учурлары катталган жок. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус узакка созулган өнөкөт оору.

“Бизге 2020-жылы жайында COVID-19дун симптомдору менен ооруган жарандар кайрылып жатат. Бирок бул кайрадан жугузуп алуу болуп эсептелбейт. Кыргызстанда расмий түрдө коронавирустун кайрадан жуккан учурлары катталган жок”, - деди ал.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 277 адамга коронавирус жуккан. Жыл башынан бери 7 миң 382 учур катталган, айларга бөлгөндө: январда – 3 миң 432, февралда – 1 миң 663, мартта – 2 миң 287.

Эскерте кетсек, мындан мурда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан коронавирустун кайрадан жуккан 7 учуру тууралуу билдиришкен. Бирок кийин КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты жокко чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий