• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен дагы бир жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен дагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 73 жаштагы эркек киши Алай аймактык ооруканасына өтө оор абалда келген.

"Ал изоляцияга алынып, дарылоодон өткөн. Ооруканага да кеч келгендиктен эки тараптуу пневмониясы күчөп кеткен", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 18-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2657 учур катталды. Алардын ичинен 509у медицина кызматкери. Илдеттен 1933 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 31 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду

Пикир

Оставить комментарий