• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок – Чолпонбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 19-мартка карата коронавирустун жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Белгилей кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Башында коронавирус жуктурган адамдар келген учакта 135 адам болгону айтылган.

Министрдин айтымында, учурда такталган маалымат боюнча учакта жалпы 144 киши болгон. Алардын 142си табылып, обсервацияга алынган. Экөө Өзбекстанга чыгып кеткен.

142 кишинден анализдер алынып, анын үчөөндө оору бар экени аныкталса, калгандарында анализдин жыйынтыктары оору жок экенин көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий