• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын басаңдашы байкалууда – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын басаңдашы байкалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Европа өлкөлөрүндө дагы коронавирустун жайылуу күчү төмөндөгөнү байкалууда.

"Мындай абал Кыргызстанда да байкалууда. Декабрь, январь жана февралдын башында коронавирустун жайылышынын басаңдашы байкалууда. Бирок илдетти жуктуруп алган учурлар катталып жатат. Мындан улам санитардык талаптарды сактоону унутпашыбыз керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий