• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 400 миллион сомго жакын каражат түштү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 12-сентябрына карата экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 395 миллион 590,2 миң сом түштү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен:

- 161 миллион 630,4 миң сом КРнын өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан которулган;

- 144 миллион 847,9 миң сом Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан которулган;

- 87 миллион 881,7 миң сом КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан которулган;

- 1 миллион 15,5 миң сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулган.



“Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби” бирдиктүү депозиттик эсеби 2018-жылдын 3-июлунда ачылган.

Пикир

Оставить комментарий