• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кошумча 295 мектепте ысык тамак уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын 295 мектебинде ысык тамак уюштурууга даярдык көрүлүүдө, анын ичинен 200 мектепте демилге «Мерсико» эл аралык уюмунун, 95 мектепте БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардамы менен ишке ашырылат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда бул мектептердин ашканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

"Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою ысык тамак уюштуруу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты", - деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле министрлик ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн мектептеринин 60,6 пайызы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий