• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго төмөндөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда мамлекет социалдык жактан маанилүү товарларга, алардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чоң көңүл буруп жатат.

Бул ун, кум шекер, өсүмдүк майы, сүт жана башка.

Кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жетекчи Кеңешбай Тайлаковдун төрагалыгы алдында республиканын аймагына алымсыз жеткирүүгө квотанын алкагында кум шекерди сатуу, ошондой эле ташылып келген чийки кум шекерден иштелип чыккан кум шекерди ата мекендик заводдор тарабынан сатуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинген, ал эми "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүшөт. Логистикадан улам бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору.

Кеңешмеде кызмат тарабынан катышуучуларга кант рыногунун бардык субъектилеринин республикага жеткирүүдөн жана өндүрүүдөн баштап, сатып өткөрүүнүн бардык тизмегинин акыркы турмуш-тиричилик керектөөчүсүнө чейинки социалдык жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле мамлекет тарабынан рынокту кум шекер менен камсыздоо жана ага болгон бааны кармап туруу үчүн кыйла жагымдуу шарттар түзүлгөнү айтылды: кошумча нарк салыгынын коюму (КНС) нөлгө барабар; 105 миң тонна кум шекерди жана чийки кантты ишкерлер алымдарды төлөбөстөн алып келишет; кум шекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган.

Ошондой эле кум шекер рыногунда монополияга каршы орган тарабынан калкты жеңилдетилген кум шекер менен камсыз кылуу боюнча базарларда да, соода түйүндөрүндө да кум шекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Бул чаралардын бардыгы кум шекер рыногун турукташтырууга алып келди, натыйжада Кыргызстанда кум шекердин баасы башка мамлекеттерге караганда төмөн болду (1 кг үчүн сом менен эсептегенде):

Кыргызстан

Казакстан

Россия

Беларусь

Армения

Тажикистан

Өзбекстан

92

135

109

110

135

112

100

Кеңешмеде агенттик тарабынан Айыл чарба министрлигине калк үчүн жеңилдетилген баада кум шекерди сатууга социалдык милдеттенмелер боюнча кум шекерди алымсыз жеткирүүгө квоталарды бөлүштүрүүдө милдеттүү талаптарды киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилгени айтылды.

Мындай практика монополияга каршы орган тарабынан ири соода түйүндөрү (Глобус, Народный, Фрунзе) жана ата мекендик кант өндүрүүчүлөр ("Кайыңды Кант" жана "Кошой" ААК) менен келишимдерди түзүү аркылуу ийгиликтүү колдонулуп жатат.

Монополияга каршы органдын аракетинин аркасында бул макулдашууга "Шекер" Оптомаркетинин, "Яр-марка" СҮ ЖЧКсынын, "Боорсок инвест" ЖЧКсынын ("Алма" дүкөндөрү), Кара-Балта шаарындагы "Корзинка" жана Маевка айылындагы "Березка" дүкөндөрү сыяктуу рыноктун башка катышуучулары да кошулушту.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Кызмат тарабынан "Бишкекпродторг" ЖЧК менен "Умай групп" СҮ (Глобус, Народный) ортосунда кум шекерди жеткирүү жана сатуу боюнча дагы бир макулдашууга кол коюлган.

Монополияга каршы органдын ишинин акыркы стадиясында "Бишкекродторг" ЖЧКсы жана "Союзпродукт" ЖЧКсы (ошондой эле келишимге "Бай Элим Компани" ЖЧКсы кошулууда) тарабынан кант рафинадын жеңилдетилген баада соода түйүндөрүнө жеткирүү боюнча макулдашууларды түзүү турат.

Ошондой эле, азыркы учурда "Кайыңды Кант" ААК келишимге кирбеген бардык сатып алуучулар үчүн дүң-сатуу баасы 86 сом/кгдан 83 сом/кгга чейин төмөндөдү.

Эскерте кетсек, кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана кичинекей дүкөндөр менен кум шекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (79 сом/кг, күнүнө бир колуна 1 кг чектөө менен). Көрсөтүлгөн көлөмдөн жогору кум шекер чектөөсүз 85 сом/кг сатылат.

Буга чейин 1-августтан баштап бааны төмөндөтүү жана "Глобус", "Народный", "Фрунзе" соода түйүндөрүндө кум шекерди 84 сом/кг чейин сатуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Ошентип, кеңешмеде соода түйүндөрү үчүн "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ААКнын сатуу баасын төмөндөтүү боюнча дагы бир келишим түзүлүп, анын натыйжасында керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы кг үчүн 1 сомго төмөндөйт жана 78 сом/кг түзөт.

Пикир

Оставить комментарий