• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады

Экономика 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 16-ноябрга карата кумшекерге болгон баалар орточо эсеп менен 68,95 сомду түзгөн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 15 сомго же дээрлик 27 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Статком тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда, кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп, Кара-Суу (бир кг үчүн 76,48 сом), Ноокат (бир кг үчүн 75,00 сом), Баткен жана Ош (бир кг үчүн 73,72 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 65,00 сом), Каракол (бир кг үчүн 65,15 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 65,39 сом) шаарларында катталды.

Ноябрда өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 1,2 сомго же 1,8 пайызга жогорулады.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Суу - 7,1 пайызга, Балыкчы жана Баткен шаарларында - 4,5 пайызга өскөнү катталды.

Айрым калктуу конуштарында кумшекердин орточо керектөө баалары

(бир килограмм, сом)

Нет описания.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий