• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кумшекердин баасы 11,5 пайызга арзандады

Экономика 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. КРнын Улуттук статистика комитети 19-ноябрга карата кант рыногунда баалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, республиканын 18 калк жашоочу пункттарынын чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде, канттын орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Атап айтканда, 2019-жылдын 19-ноябрына карата өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо республикалык баалар 5,55 сомго, же 11,5 пайызга арзандаган. Өткөн жылдын 19-ноябрына карата жогорку баалар Ош (53.70 сом кг), Кербен (53.47 сом кг) жана Кара-Суу (51.61 сом кг) шаарларында белгиленген.

Мисалы, аталган мезгилде кантка карата э жогорку чекене баалар Ноокат (кг 50 сом), Кара-Суу (48.89 сом кг) жана Өзгөн (48.70 сом кг) шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, минималдуу баалар Балыкчы (36,07 сом кг), Каракол (36.41 сом кг) жана Кара-Балта (37.91 сом кг) шаарларында байкалды.

“Кант баасын азайтуу тенденциялары ушул жылдын күзүндө улантылды. Октябрь айына салыштырганда, максималдуу кыскаруу Балыкчы - 3,1 пайызга, Кара-Балта - 2,8 пайызга жана Нарын шаарларында - 2,3 пайызга белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий